АКШда жаран үйүнүн короосуна кирип алып итине кол салган аюу менен кармашып, итинин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 10-июнь күнү Лос-Анжелесте болгон. Анда жергиликтүү тургундардын биринин үйүнүн короосуна мамалак кирип кеткен.
"Мамалакка үйдүн ээсинин ити асылып, үрө баштайт. Бул учурда мамалагынын жанына аюу келип ит менен алышат. Ити менен алышкан аюуну көргөн үй ээси итинин өмүрүн сактап калуу үчүн короосуна чуркап чыгып, аюуну таяк менен катуу чапкан. Аюу адамдын тизесин тиштеп, бутун тытып салган. Окуя болгон жерге тиешелүү мекеменин кызматкерлери келип аюу менен анын мамалагын алып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.