Disney студиясы "Чип жана Дейл жардам берүүгө шашышат" мультсериалын жаңылап тартууда. Мындай маалыматты студия расмий сайтына жарыялаган.
Мультсериал жалпысынан 39 сериядан турары пландалып жатат. Ар бир эпизод 7 мүнөттүн айланасында болору күтүлүүдө. Маалыматта белгилүү болгондой, жаңы мультфильм заманбап сюжеттер боюнча тартылмакчы. Анткени менен анимациянын стилистикасы мурдагы боюнча калары белгилүү болду.
Компаниянын сайтында "Чип жана Дейл" мультсериалы жаңы кадрларда кандай көрүнөрү жалгыз промокадр менен көрсөтүлдү.
Disney бул эмгекти ишке ашыруу үчүн балдар жана үй-бүлөлүк берүүлөр менен иш алып барган франциялык Xilam компаниясын чакырган. Жаңы мультсериал Disney+ стриминг сервиси аркылуу көрсөтүлмөкчү. Болжол менен эмгек 2019-жылдын ноябрь айында экрандаштырылат.
"Чип жана Дейл" мультсериалы 1989-1990-жылдары жарык көрүп популярдуу болгон. Быйыл бул мультфильмге 30 жылдын жүзү болот.