Израилдин премьер-министринин аялы кымбат тамакка тапшырык бергени үчүн мамлекетке 14 миң евро кайтарат

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун аялы Сара Нетаньяху кымбат тамакка тапшырык бергени үчүн мамлекетке 14 миң евро кайтарат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-майда прокуратура менен Нетахьяху ушундай келишимге келишкен. "Сара Нетаньяху 2010-2013-жылдары бир канча жолу жалпы 43 миң еврого кымбат тамактарга тапшырык берген. Бул акча мамлекеттин эсебинен төлөнгөн. Прокуратуранын айыптоосунда мамлекеттик резиденцияда ашпозчу бар экендигине карабай өкмөт башчынын аялы сырттан тамак алдырган деп айтылат. Ал эми буга чейин премьер-министрдин үй-бүлөсү мындай дооматтарды четке кагып келген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kattaldym
2019-06-13 15:29:20
Даана еврейлер, 43 миңге жеп 14 мин менен кутулуп).
+2
Apyn8793
2019-06-13 15:52:33
Биздин чондордун аялдары 14€ минге эмес 140€ минге тамак заказ берсе деле коздору корбойт прокуратуранын.
+5
KaGaH
2019-06-13 19:46:17
Мына сага чыныгы мыйзам....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан