31-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы, мурда Баткен РИИБинде тергөөчү болуп иштеген Каныбек Бакировду сот 12 жылга эркинен ажыратты. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Ибраев чыгарды. К.Бакиров алдамчылык кылган, ири өлчөмдө пара алган деп айыпталды. Каныбек Бакиров Ош облустук прокуратурасында тергөөчү болуп иштеп турганда Ош ОИИБинин кызматкерлеринен аларга кылмыш ишин козгобоо шарты менен 2 миң доллар жана 5 миң сом пара алгандыгы айтылды. Бакиров "2004-жылы Ош облусунун тургунун токмоктоо фактысына катыштыгы бар" деп да шектелүүдө.