Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келген Владимир Путинди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 13-июнда Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Владимир Путинди "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу аэропортто болду.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады. Өлкө башчы ар бир жолугушуу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекет башчыларынын кеңешинин Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи. Ошондой эле жыйын ийгиликтүү өтөөрүнө ишенерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан