13:00гө карата Нарын шаары боюнча шайлоонун жыйынтыгы
Нарын шаардык кеңешине жүрүп жаткан шайлоонун саат
13:00гө карата жыйынтыгы белгилүү болгонун БШКнын сайты маалымдады.
Алсак, Нарын шаары боюнча 19996 шайлоочу каттоодон өтсө, алардын 4707си, башкача айтканда,
23,54 пайызы добуштарын берип бүтүштү.