"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан спортчулардын тизмесин жарыялады. Тизмедеги алгачкы үчтүктү футболчулар ээлегенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Тизменин сап башында "Барселонанын" оюнчусу, аргентиналык футболчу Лионель Месси турат. Анын жылдык кирешеси 127 миллион долларды түзгөн.
Экинчи орунду Криштиану Роналду ээлеген. Португалиялык футболчу бир жылда 109 миллион доллар тапкан.
Ал эми бразилиялык чабуулчу Неймар 105 миллион доллар киреше таап, алдыңкы үчтүктөн орун алган.
Эң бай 100 спортчунун тизмесинде айымдардан теннисчи Серена Уильямс кирген. Анын кирешеси 29 миллион 200 миң доллар.