Дүйнөдөгү эң бай рэперлер аныкталды

АКШнын Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай рэперлерди аныктады. Мындай рейтинг журналдын интернет баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн эң бай рэпери деп Jay-Z аты менен таанылган Шон Картер табылды. Анын банктагы эсептеринде 1 миллиард доллардын тегерегиндеги акча каражаты жатат. Бул суммага анын жубайы Бейонсенин байлыгын кошкондо 1 миллиард 400 миң доллардан ашат.

Экинчи орунда жайгашкан Dr.Dre`нин байлыгы 800 миллион долларды түзсө, 3-орундагы Diddy 740 миллион долларга ээ экени көрсөтүлгөн. 4 жана 5-орундагы Канье Уэст менен Drake 240 жана 150 миллион доллар байлыкка ээ.

Буга чейин аталган журнал музыка дүйнөсүндөгү эң бай айымдарды атап, биринчи орунду ырчы Рианнага ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан