Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекет башчылардын саммити өтүүдө. Анын программасы

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков аталган уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин тосуп алды. Учурда алар чогуу сүрөткө түшүп жатышат. Лидерлердин тар чөйрөдө чогулушу күтүлүүдө. Андан соң саммиттин катышуучулары кең чөйрөдө жолугушат. Мындан кийин бир канча документтерге кол коюлат.

ШКУнун саммитин 500дөй журналист чагылдырып жатат.

Иш-чарага Кыргыз мамлекетинен тышкары Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышууда. Ал эми уюмга байкоочу катарында Кыргыз өлкөсүнө Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан