Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан эл аралык футболдук мелдеште Кыргыз курамасы 10-орунга ээ болду.
Мелдеш 4-июнда башталып, бүгүн, 14-июнда жыйынтыкталат. Кыргыз курама командасы 9-12-орундар үчүн беттеште Индияны пенальтилер сериясында жеңип алса, Армениядан 3:0 эсебинде жеңилип калды. Жыйынтыгында 10-орунга ээ болду.
Бүгүн 1-2-орундар үчүн Орусия-Аргентина жана 3-4-орундар үчүн Орусия-2-Түркия командалары беттешет.
ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке 18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн жалпы 12 курама команда катышып жатат. Кыргыз өлкөсү Тажикстан, Греция жана Түркия курамалары менен биргеликте В тайпасына туш келген.