
Орусияда октон жаракат алып эс-учун жоготуп жаткан кишини үйлөнтүп койгон жетекчиге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Окуя Кемеровдогу Таштагол шаарында орун алган. Анда жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын (ЗАГС) жетекчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан жаранды үйлөнтүп салган.
"Анын каалоосу эске алынбай туруп капысынан үйлөнүп калган жаран окуянын эртеси күнү каза болгон. Ал эми маркумдун жубайы анын материалдык байлыктарына ээ болуп калган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын жетекчиси бул ишин курбусунун өтүнүчүнөн улам жасаганы менен түшүндүргөн", - деп айтылат маалыматта.