Буга чейин социалдык тармактарда "Жогорку Кеңештин эки депутаты Канатбек Исаев менен Бакытбек Жетигенов мушташты" деген кеп тарап жатканын жазганбыз.
2 күн мурда, тагыраагы, 12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айтканы бар.
2014-жылы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат болуп турган кезде ошол учурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев аталган эл өкүлүн кримчөйрөдө таасири бар төбөлдөрдүн бири катары айтылган Алмаз Бокушевдин жакын досу деп маалымат берген. Буга карата Бакытбек Жетигенов "Маалыматта мени Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушев менен бирге окуган деп жатышат. Биз менен дагы көптөр окуган. Министр Суранчиевдин оюнда, анын баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү окшойт" деп жооп берген эле.
Азырынча эки депутатка тең байланышуу мүмкүн болбой жатат.
SUPER.KG порталы маалыматтын чын-төгүнүн тактоо аракеттерин улантат жана тиешелүү тараптардын бул боюнча маалыматын угуп, жарыялоого даяр.