"Байлар дагы ыйлашат" сериалындагы ролу менен таанымал болгон мексикалык актриса жана бийчи Эдит Гонсалес каза болду. Ал 3 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келе жатканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
54 жаштагы актриса 2016-жылы рак илдетине кабылганын билген. Ал бир нече операцияны башынан өткөргөндөн кийин бул илдеттин белгилери азая баштаган. Бирок көп өтпөй эле рак клеткалары көбөйүп, ооруну күчөткөн.
Эдит Гонсалес 1964-жылы 10-декабрда Мексикада төрөлгөн. 5 жашында кинопродюсерлердин чакыруусу менен кино тармагына келип, "Байлар дагы ыйлашат" деген сериалга тартылган. Андан кийин "Жапайы роза", "Алтын капас" сериалдарында, "Цыган", "Циклон" жана башка бир нече тасмаларда роль жаратып, атактуулукка жеткен.
Актрисанын артында жолдошу жана 14 жаштагы кызы калды.