"Кухня" , "Отель Элеон", "Отель Гранд" сериалдарынын жылдызы Ольга Кузьмина жолдошу менен ажырашты. Бул тууралуу актриса социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Ольга Кузьмина жолдошу менен 14 жылдан бери чогуу түтүн булатып келген. Түгөйлөр студент кезде эле баш кошушкан.
"Жашоо деген бир ордунда турбайт, баары өзгөрөт, биз да өзгөрөбүз. Балким, жашоонун мааниси мына ушул өзгөрүүлөрдө жаткандыр. Бирок таттуу мамиле ар кандай кырдаалда бири-бириңердин ийгилигиңерге кубанып, колдоо көрсөткөндө гана жаралат. Мен сага ыраазымын. Сен менин жүрөгүмдө сакталып каласың, анткени биринчи сүйүү түбөлүктүү. Сага бакыт каалайм", - деп жазат ал.