Италиялык актриса Орнелла Мути спектаклге келбей койгону үчүн жарым жылга эркинен ажыратылды

Италиялык актриса Орнелла Мути спектакль коёрдо сейилдеп кеткени үчүн абакка отурат. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, ырчы 2010-жылдын 10-декабрында Порденоне шаарында спектакль коюу учурунда ден соолугу начарлап жатканын айтып, концертке келбей койгон. Ал ооруп жаткандыгы тууралуу маалымкат көрсөткөн. Бирок спектаклди койгон театрдын жетекчилиги медициналык маалымкат жасалма экенин аныктаган. Мындан улам жетекчилик актрисаны сотко берген. Сот Орнелла Мутини 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

2017-жылы актриса мурдагы соттук инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылган. Кийинки сотто актрисанын арызы каралып, 6 айга кыскартылган. Орнелла Мути 30 миң евро айып төлөсө абактан бошотулары айтылган.

Актриса 1955-жылы Рим шаарында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-06-14 22:23:00
Биздикилерге боло берет
0
taalay25
2019-06-14 22:46:34
Жапжаш го
0
omka100514
2019-06-14 23:53:55
Олотго, белгилуу болуп журуу да кыйын, андан коро ошол спектакльды 2-3 саат коруп койсо болмок экен байкуш
0
Aidar.001
2019-06-15 00:03:51
omka100514,рол ойногон актриса спектакльде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан