Бүгүн, 15-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин туулган күнүнө балмуздак белекке берди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Путин Тажикстанда өтө турган Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 5-саммити башталганча Кытайдын резиденциясына барып, Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады. Белекке берилген балмуздак Орусияда жасалган.
Бүгүн Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 66 жашка толду.