Кечээ, 15-июнда Словакиянын жаңы шайланган президенти Зузана Чапутова ант берип, кызматына киришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы адвокат жана коомдук активист Зузана Чапутова Словакияда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Шайлоонун экинчи турунда ага жарандардын 58 пайызы добуш берген. Ал өлкө тарыхындагы мамлекетти башкарган алгачкы аял президент болуп калат.
Словакияда президенттик шайлоонун биринчи туру 16-мартта, экинчи туру 30-мартта өткөн.