Индиянын түндүк-чыгышындагы Бихар штатында күндүн катуу ысышынан 29 адамдын өмүрү кыйылды. Чет элдик басылмалар 1 айдан бери күн катуу ысып жатканын жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун 25и Аурангабад аймагынын жашоочулары, калган 4 киши Навада, Гайя аймактарынын тургундары болгон. Мындан сырткары 30 адам ооруканага жеткирилген.
Бихар штатында бир нече аптадан бери аба ырайынын температурасы 40 градустан жогору болууда. Ал эми Нью-Делиде абанын температурасы 50 градуска жеткени жазылган.
Синоптиктер мындай катуу ысык 30 күнгө созулуп, борбордук жана түндүк аймактарда кургакчылыкты пайда кылганын билдирген.