"Реал Мадрид" футбол клубунун капитаны Серхио Рамос жана анын сүйүктүүсү Пилар Рубиого кечээ, 16-июнда баш кошту.
Үйлөнүү той Севиль чиркөөсүндө орун алды. Чиркөөдөгү иш-чарадан кийин жаш жубайлар футболчунун "La Alegría SR4" фермасына жол алышты. Аталган фермада Рамостун мелдештерге катышып жана байгелүү орундарды алып келип жүргөн 70 таза кандуу тулпары багылат.
Рамос жана Рубио 2012-жылдан бери сүйүү мамилесинде. Түгөйлөрдүн Серхио, Марко жана Алехандро аттуу уулдары бар.
Үлпөт тойго келген коноктор атайын алдын ала айтылган дресс-код боюнча кийинип келишкен. Мырзалар - фрак (этеги узун костюм) кийсе, айымдар этеги жер чийген узун көйнөк кийип келишкен. Конокторду ак, жашыл, ток сары, кызылдан башка түстөгү кийимдерди кийүүнү суранышкан. Мындан сырткары келген коноктор уюлдук телефондорун атайын бир бөлмөгө калтырып, андан соң гана үлпөт тойго киришти.
Тойго келген 400 адамга атайын убактылуу мөөр коюлган. Мөөрү жок эч бир адам кире алган жок. Тойго "Реал Мадрид" , "Барселона" жана "Испания" курама командасынын оюнчулары келип катышты. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак иш-чарага башкы машыктыруучу Зинедин Зидан жана клубдун президенти Флорентино Перес келген.
Ал эми белгилүү футболисттерден Лукас Васкес, Лука Модрич, Марко Асенсио, Начо Фернандес, Серхио Регилон жана Кейлор Навас үлпөт тойго күбө боло алышкан. Католондуктардан Жорди Альба жана Серхио Бускетс да сүйүктүүлөрү менен капитанды куттуктаганы келгенин көрүүгө болот. Мындан сырткары мааракеге "Реалдын" экс-тренери Висенте дель Боске жана мурунку футболчулар Роберто Карлос, Рауль, Фернандо Йерро, бразилиялык Роналдо жана Дэвид Бекхэм чакырылган.
Айрым маалымат булактары капитандын үлпөт тоюна бери дегенде эле 1 миллион еврого жакын каражат жумшалганын жазышууда. Колуктунун кара түстөгү гүлдестеси көптөгөн талкууларды жаратып, үлпөт тойдун өзгөчөлүгүнүн бири болду.