Индияда автобус жана жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 12 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 17-июнда Маджаленка аймагында орун алган. Анда автобустун айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, 3 жүк ташуучу унааны сүзгөн.
"Алдын ала берилген маалыматка ылайык, жол кырсыгы автобустун айдоочусу уктап кеткенден улам келип чыккан. Кырсыктын кесепетинен 12 жүргүнчү каза болуп, дагы 12 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.