Кантта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан 14 жаштагы бала окуядан кийин үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу баланын атасына байланышканыбызда айтып берди.
"Уулумду издеп жатам, бирок табыла элек. Окуядан кийин болгону үйгө кат жазып таштап кетиптир. Балаңдын жаман ишке барарын алдын ала да билбейт экенсиң. Жаштык кылышты окшойт. Мен азыр баламды тирүү табамбы деп ойлоп жатам. Үй-бүлөбүз менен издеп жатабыз. Кыздын ата-энеси менен сүйлөштүк. Алар тосмо арыз жазып беришкен. Биз аны райондук прокуратурага жөнөткөнбүз. Эми андан аркы иш кандай болот, белгисиз", - деди шектелип жаткан окуучунун атасы.
Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча тосмо арыз Ысык-Ата райондук прокуратурасына келип түшкөнүн тастыктады.
"Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Чыккан жыйынтык боюнча бул ишке юридикалык баа берилет. Ал эми тергөө иш амалдары жүрүүдө. Шектелип жаткан 14 жаштагы бала табыла элек", - деди басма сөз кызматы.
Окуянын жоо-жайы:
27-майда 13 жаштагы кыздын апасы кызы зордукталганын айтып, арыз менен милицияга кайрылган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп, экспертиза дайындалган. Ошондой эле эки өспүрүм тең суракка алынышкан. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери байкалган эмес, кийимдери бүтүн болгон.
3-июнда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 14 жаштагы шектүү А.А.нын апасы арыз менен кайрылып, уулу кат жазып таштап, үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин айткан. Жоголгон баланын өзгөчө белгилери тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүп, аны издөө иштери жүрүп жатат.