Англиялык "Челси" клубунун башкы машыктыруучусу Маурицио Сарри италиялык "Ювентус" клубуна өттү. Бул тууралуу "Ювентус" клубунун расмий интернет баракчасы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Сарри туриндик клуб менен 3 жылга келишим түзгөн.
"16-июндан тартып клубдун башкы машыктыруучулук милдетин Маурицио Сарри моюнуна алды. Ал бул кызматка 2022-жылдын 30-июнуна чейин дайындалды", - деп жазылат маалыматта.
60 жаштагы машыктыруучу 2013-жылы Италиянын 2-дивизионунда ойногон "Эмполи" клубун жогорку дивизионго алып чыккан. 2015-жылы "Наполи" клубуна өтүп, аталган клубда 2018-жылга чейин эмгектенген. Өткөн жылдын 14-июлунда "Челси" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, бир жыл ичинде Европа Лигасынын жеңүүчүсү аталды. Англия Премьер-Лигасында "Манчестер-Сити" жана "Ливерпуль" клубдарынан кийинки 3-орунду алып, лондондук клубга келерки жылдагы Чемпиондор Лигасында ойноо укугун алып берди.