Тажикстанда үйлөнүү той учурунда унаалардын бири көпүрөдөн түшүп кетип колуктунун апасы, эжеси жана таежеси каза болду

Тажикстанда үйлөнүү той учурунда унаалардын бири көпүрөдөн түшүп кетип колуктунун апасы, эжеси жана таежеси каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 16-июнда эртең менен Гиссар шаарында орун алган. Анда баш кошуп жаткан жаштарды коштоп келаткан унаалардын бири бийиктиги 300 метрди түзгөн көпүрөдөн түшүп кеткен.

"Тико үлгүсүндөгү унаанын ичинде айдоочу жана 4 жүргүнчүсү болгон. Колуктунун апасы менен таежеси оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден жан беришкен. Ал эми бир тууган эжеси бүгүн ооруканадан көз жумган. Ак жоолук салынып, болочок жолдошунун үйүнө бара турган колукту орто жолдон кайра атасынын үйүнө жеткирилген. Ал эми аза күткөн түстөгү кийим кийип, жакындарын жоктойт", - деп айтылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
CuMBoJI
2019-06-17 22:34:26
Байкушка жаман болуптур. Жаткан жерлери жайлуу болсун .
+7
JENTLEMAN
2019-06-18 00:34:32
Кайдагы динсиздерден өтүп той өткөрсөңөр ушундай болотта анан. Жаннаты болушсун.
-15
Aktilek.kg.98
2019-06-18 05:02:44
Эх унутулгуз Кунда сабр берсин аллахым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан