Африкадагы Судан өлкөсүндөгү башаламандыктар уланып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, толкундоолордон улам ондогон адамдар каза болгон.
"Өткөн жылдын декабрь айында башталган нааразычылык акциялары өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар аль-Башир кызматынан алынганына карабай уланып жатат. Ата-энелер балдарын көчөгө чыгаруудан коркуп калышты. Аскер адамдарынын көчөгө чыккандарды күч менен басуу аракетинен улам кеминде 19 бала каза болду.
Бийлик толугу менен аскердик күчтөрдүн колуна өтүп, нааразычылык акцияларына чыккан элге аёосуз күч колдонулуп жатат. Буга карабай оппозиция демонстрацияларын улантууда. Өлкөдө социалдык тармактар толугу менен өчүрүлдү, ал эми байланыш каржаттары көпчүлүк аймактарда үзгүлтүккө учурады," - деп жазылат маалыматта.
Судан өлкөсүндө нааразычылык акциялары өткөн жылдын 19-декабрында башталган. Экономикалык кризиске кабылган өлкөдө нандын жетишсиздиги пайда болуп, баасы 3-4 эсеге өсүп кеткен. Буга байланыштуу нааразы болгон эл демонстрацияларды уюштуруп, жыйынтыгын аскердик төңкөрүш жолу менен ушул жылдын 11-апрелинде президент Омар аль-Башир кызматынан алынган.