Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси соттук отурум учурунда каза болуп калды. Бул тууралуу 17-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, экс-президент соттук отурум учурунда эс-учун жоготуп жерге кулап түшкөн.
"Соттук отурум учурунда Мурси судьядан сөз сураган, андан соң жерге кулап түшкөн. Залга чакырылган дарыгерлер анын көз жумганын билдиришкен. Мурси 2013-жылы ээлеген кызматынан бошотулган. Ал 2011-жылкы массалык баш аламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Бирок ал өкүмдү кассациялык сот "далилдер жетиштүү эмес" деп жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге 4 кылмыш иши козголгон", - деп айтылат маалыматта.
Экс-президент Мухаммед Мурси сот бийлигине акарат келтиргени үчүн 2017-жылы 3 жылга эркинен ажыратылган. Сот бул иш боюнча экс-президенттен башка 18 айыпталуучуну 3 жылга эркинен ажыраткан.