Бир аптадан кийин АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык түрдө чыгаруу процесси башталат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына билдирүү жазды.
"Кийинки жумадан тарта иммиграциялык жана бажы кызматтары биргелешип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигранттарды өлкөдөн чыгаруу процессин баштайт" деп жазган Трамп.
Мындан сырткары ал Мексиканын миграциялык кызматы өз ишин так аткарып жатканын баса белгилеп, Гватемала менен 3 тараптуу келишимге кол коюуга даяр экенин айткан.