Бириккен улуттар уюму: "2050-жылы адамдын саны 2 миллиардга көбөйөт"

Жер жүзүндөгү адамдардын саны 30 жылдан кийин 2 миллиардга көбөйөт. Мындай маалыматты Бириккен улуттар уюму билдирген.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, адамдардын санынын өсүшү айрым аймактарда кескин жогору болушу мүмкүн.

"Учурда планетадагы калктын саны 7 миллиард 700 миллион болсо, 2050-жылы 9 миллиард 700 миллионго жетет" деп жазылган БУУнун докладында. Калктын кескин өсүшү АКШ, Индия, Египет, Нигерия, Пакистан, Конго Демократиялык Республикасы, Эфиопия, Танзания жана Индонезия өлкөлөрүндө байкала турганы жазылган маалыматта.

Ал эми 2100-жылы калктын саны 11 миллиардга жетери божомолдонгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан