"Nike" фирмасынын жаңы чыккан бут кийимдери айымдарды кыжырлантты

Спорттук кийимдерди чыгарган "Nike" фирмасы айымдарга арналган жаңы спорттук бут кийимдерди чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айымдарга жаңы чыккан бут кийим жаккан эмес. Сатып алуучулардын билдиргенине ылайык, Nike Air Max FF 720 бут кийими өзүнүн сырткы көрүнүшү менен үтүккө окшош. Интернет айдыңында фирмага нааразы болгон кыз-келиндер көбөйүп кеткен.
Твиттер социалдык тармагында "эми биз үтүктү бутубузга кийишибиз керекпи?" , "Феминисттер бул бут кийимди көрбөсүн" деген өңдүү билдирүүлөр жазылган.
Nike Air Max FF 720 сатыкка 20-июндан тарта чыгат. Спорттук бут кийим кара жана боз түстө чыгат. Бут кийимди жарнамалоого кыз-келиндер арасындагы футболдун жылдызы Фрэн Кирби жана теннисчи Лаура Робсон катышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chungyz
2019-06-18 15:21:24
Кийсе болсо болду да
0
KAYRATBEK
2019-06-18 15:32:34
Ары жокторго дабаа жок.
0
Melitta-24
2019-06-18 19:57:25
Урматтуу Супер инфо, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча маалымат жокко,же силерге андай маалыматтар жете элекпи?
-1
Bekboloooot
2019-06-18 23:31:11
Melitta-24,жыйынтык чыккан
0
Agayu
2019-06-18 21:47:37
Баасы кымбат болсо керек Брен да барибир
+1
Aima94
2019-06-19 09:01:13
Agayu,ооба. Мен жаны коллекциясынан алгам 15 000
Ынгайлуу. Бутум оорубайт. Найк сонун качество сонун
0
Kuyoo_bala
2019-06-19 09:12:57
Ороктогу жанжалды неге жазбай жатасынар Супер Инфо!Жанжал басылды,болду бутту дединер эле,куч алып атыптырго!Неге жазбайсынар?
0
admin_media
2019-06-19 09:28:40
Kuyoo_bala,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
Begimay.emir1
2019-06-19 11:42:34
Жакшынакай эле экенго
0
PeRa
2019-06-19 15:19:12
Карабы, акпы, иши кылып пиар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан