Эл аралык хоккей федерациясы курама командалардын рейтингин жарыялады.
Маалыматка ылайык, 52 командадан турган рейтингге алгачкы ирет Таиланд менен Кыргыз өлкөсү кирип, 51- жана 52-орунга жайгашкан.
Рейтингдин сап башында 3 миң 705 упай менен Канада турса, 3 миң 640 упай топтогон Орусия 2-орунга көтөрүлгөн. Жакында эле Дүйнө чемпиондугун жеңип алган Финляндия командасы 3 миң 615 упай менен 3-орунду ээлесе, алдыңкы бештикти 3 миң 615 жана 3 миң 465 упай менен Швеция жана Чехия курама командалары толуктаган.
Коңшу мамлекеттердин ичинен рейтингге 19-орунду алган Казакстан (2570 упай) жана 32-орундагы Кытай (1520 упай) кирген.
Рейтингдин аягынан 225, 160 жана 100 упай менен Кувейт, Таиланд жана Кыргыз өлкөлөрү орун алган.
Ушул жылдын 31-мартынан баштап 6-апрелге чейин Хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү дивизионуна тандоо туру өткөн. Мелдешке 6 өлкө катышып, кыргыз курамасы алгачкы 4 оюндун баарында жеңишке жетишкен. Бирок Бириккен Араб Эмираттары даттануу жазып, чабуулчу Александр Титовдун кыргыз командасы үчүн ойноого укугу жок экенин айтышкан. Жыйынтыгында Эл аралык хоккей федерациясы Кыргыз курама командасынын буга чейинки 4 жеңишин жокко чыгарып, техникалык жеңилүү жазган. Ал эми талаа ээлери БАЭ курамасы менен өткөн акыркы беттеште кыргыз хоккейчилери Александр Титовдун катышуусусуз 7:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Бирок техникалык жеңилүүнүн натыйжасында Кыргыз өлкөсү акыркы орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары III дивизионго жолдомо алган.
Титов мурда Орусияда ойногон. Федерация аны кыргыз курама командасында ойноосу үчүн уруксат сурап, 30-мартта Эл аралык федерация тарабынан уруксат берилген. Уюштуруучулар 5-апрелде гана бул туура эмес экенин айтышып, кыргыз курамасынын жеңиштери жокко чыгарылган. Мындан улам Кыргыз хоккей федерациясы улуттук курамага техникалык жеңилүү жазылышы боюнча Эл аралык хоккей федерациясынын үстүнөн даттанган болчу.
Кыргыз хоккей федерациясынын даттануусунун негизинде Эл аралык федерация сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырган. Жыйынтыгында май айынын аягында Кыргыз курамасына Олимпиада оюндарына катышууга квалификация жана Дүйнө чемпиондугунун IV дивизионуна катышуу мүмкүнчүлүгү берилген.