Дем алыш күндөрү футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 10-туру орун алды.
Бишкек, Кара-Балта жана Кант шаарларында өткөн беттештерде "Алай" клубу конокто "Алгадан" күчтүү чыкса, "Академия Лидер" өз талаасында "Абдыш-Атадан" жеңилди. Ал эми "Кара-Балта" - "Нефтчи" беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталса, "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы оюндарга катышып жатканына байланыштуу "Илбирске" каршы беттеш кийинкиге жылдырылды.
Жыйынтыгында, "Алай" клубу 25 упай менен чемпиондуктун сап башына жайгашса, "Дордой" 22 упай менен 2- орунга түштү. Ал эми "Кара-Балта" жана "Академия Лидер" клубдары 4 упай менен Премьер-Лиганын 7-8-орундарына жайгашты.
Беттештин жыйынтыктары:
15-июнь:
"Алга" - "Алай" - 0:1
Голдор: Чыңгыз Субанов, 89-мүнөттө.
16-июнь:
"Академия-Лидер" - "Абдыш-Ата" - 1:2
Голдор: Мурас Ниязалиев 40-мүнөттө, Атай Жолдошбеков 69-мүнөттө, Асылбек Исаков 95-мүнөттө.
"Кара-Балта" - "Нефтчи" - 1:1
Голдор: Манас Карипов 85-мүнөттө, Рустам Майрамбек уулу, 90-мүнөттө.
10-турдан кийинки Кыргыз Премьер-Лигасынын жадыбалы: