Ангела Меркелдин денесин калтырак басып, аз жерден жыгылып кала жаздаган видеосу тарады

Германиянын канцлери Ангела Меркель Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугушууда денесин калтырак басып, аз жерден жыгылып кала жаздады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, канцлер менен Украинанын президенти 18-июнда салтанаттуу иш-чарада жолугушкан. Анда Ангела Меркель Зеленскийди тосуп алып, делегация мүчөлөрү менен тааныштырган соң өлкөнүн гимни жаңырып баштаган.

Ошол убакта канцлердин колдору калтырап, сыр билгизбөөгө аракет кылганы байкалат. Турган жеринен жыгылып кете жаздаганга чейин барып, бирок өзүн кармап калган. Анын бүткөн бою калтырап жатканы видеодо даана байкалган. Бирок бул жагдайды жанында турган президент Володимир Зеленский байкаган эмес.

Андан соң маалымат жыйынында канцлер журналисттердин "абалыңыз жакшыбы?" деген суроосуна "мен бир канча бөтөлкө суу ичтим, азыр абалым абдан жакшы" деп жооп берген.

Денесин калтырак басып, жыгылып кала жаздаган Ангела Меркель
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kylychisa
2019-06-18 22:23:29
Зеленский карап койсо болмок
+2
JENTLEMAN
2019-06-18 22:28:24
Мунунда уже жүзүндөгү терилери бошоп салаңдап, картайып кемпир болуп калды. Бериш керек эми жаштарга, Нурсултан бабайга окшоп.
+7
33SUUN
2019-06-18 22:54:48
Володимирде паам парасат жок турбайбы! Бечара Меркел кетип кала жаздаптырго.
-3
zevs
2019-06-18 23:16:28
Volodimir gimnge kayf kylyp turat. Merkel bolso ketip kalayin deptir
-1
Shabi
2019-06-19 00:19:39
Меркель даагы кучтуу экен,буткондон кийин кадимкидей басып кетти го.отуп кетет отуп кетет деп ээрдин кезе тиштеп чыдап койду окшойт
-1
Farra16gsin
2019-06-19 05:54:51
Оа чын бериш керек оордун калчылдап калыптырго
+4
Apyn8793
2019-06-19 20:19:11
Володимир де)))
Владимир болуп жазылат. Башка олколор Володимир деп жазышпайт, алар деле билишет паспортунда Володимир деп жазылганын, бирок, алар Владимир деп эле жазылат.
Володимир деп Украинада эле айтылат, эмнеге ушуну тушунбойсунор. Тилди, улутту, Кыргыз республикасынын бутундугун коргосонор боло. Украин болуп кетпей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан