Москвада жарнамалык баракчаларды таратып жүргөн кыздарга бычак менен кол салган жаран кармалды

Москвада көчөдө жарнамалык баракчаларды таратып жүргөн кыздарга бычак менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя "Крылатское" метросунда орун алган. Анда көчөдө бир компанияга тиешелүү жарнамалык баракчаларды таратып жүргөн эки кызга белгисиз жаран кол салган.

"Бычак менен кыздарга кол салган жаран полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Жабырлануучулар Москва шаарынын думасынын депутаттыгына талапкер Мария Киселёванын жардамчысы болгон. Кыздарга кол салган жаран алардын колундагы баракчаларды тытып салганын билдирген. Бактыга жараша, кыздар жабыркаган эмес", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан