Канадалык 20 жаштагы кыз жигити менен өбүшкөндөн кийин каза болгон. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Канаданын 20 жаштагы Мириам аттуу тургуну астма жана аллергия илдеттеринин курч түрү менен жабыркап келген. Мириам жигити менен жолугуп, өбүшкөндөн кийин деми кысылып баштаган. Тагыраагы, Мириамдын жигити жолугууга келерден мурда арахис пастасы кошулган бутерброд жеген. Арахис пастасы кыздын аллергиясын күчөтүп жиберген. Өзүн жаман сезип баштаган Мириам астма оорусу кармап жатат деп ингалятор (аппарат аркылуу дары-дармекти бүркүү) жасаткан. Бирок жыйынтык болбогонунан ооруканага барган. Дарыгерлер Мириамдын өмүрүн сактап кала алган эмес.
Кыздын апасы бул окуяны аллергия менен жабыркагандар өздөрүнө сак болсун деген максатта айтып чыккан.