Кытайда тоодо көчкү жүрүп, 5 адам каза болду

Кытайда тоодо көчкү жүрүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсык Шэньси провинциясында кечээ, 18-июнда орун алган.

"Тоо боорунда казуу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерди тоодо жүргөн көчкү басып калган. Алгач көчкүнүн алдынан 3 адам чыгарылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен, оор жаракаттардан улам каза болуп калышкан. Кийин көчкүнүн алдынан 2 кызматкердин жансыз денеси табылган. Учурда кырсык эмне себептен болгону аныкталып, полиция кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sainazarov0555
2019-06-19 12:35:06
Булар коп, 5 адам эчнерсе эмес булар учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан