Канадада баскетбол клубунун жеңишинин урматына чогулган миңдеген күйөрмандарга ок атуулар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, "Toronto Raptors" баскетбол клубунун жеңиши менен куттуктап жана аларды тосуп алууга арналган жүрүшкө 2 миллионго жакын адамдын катышуусу күтүлгөн.
"Жүрүшкө Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да катышкан. Чогулган күйөрмандар тарапка белгисиз адамдар тарабынан ок атуулар башталганда алар ар кайсы жакка качып, башаламандык орун алган. Натыйжада 4 адам октон жаракат алып, дагы бир нече адам тебелендиде калган. Учурда кылмышка шектүү катары 3 адам полиция тарабынан кармалды", - деп айтылат маалыматта.