Аптаптуу жай мезгили келип дээрлик бардыгыбыз эмгек өргүүбүздү же жөн гана эс алуу күндөрүн кайсы жактан өткөрсөк деп ойлонуп жаткан чагыбыз.
Бул убакта Чемпиондор Лигасын, Европа Лигасын жана Улуттар Лигасын артта калтырган футбол жылдыздарынын айрымдары дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эс алып жатса, кээ бири эс алуудан кайтып, машыгууларын баштаган убагы.
Жылдыздардын эс алуусу кандай өткөнүнө чогуу назар салалы.
1. Чемпиондор Лигасында жеңишке жетип, төбөсү көккө жетип турган "Ливерпуль" клубунун дарбазачысы Алиссон Беккер жакында эле уулдуу болуп, убактысынын көп бөлүгүн үй-бүлөсүнө буруп жаткан мезгили. Беккер уулуна Маттео деген ысым ыйгарган.
Алиссон Беккер жаңы төрөлгөн уулу жана жубайы менен
2. Франциялык форвард Килиан Мбаппе Лос-Анжелесте эс алып жүргөн чагы. Жаш футболчунун бейсбол, баскетбол ойноп эс алып жатканын көрүүгө болот. Мбаппенин Инстаграм социалдык тармактагы баракчасына илген сүрөтүнүн алдына белгилүү баскетболчу Жоэл Эмбиид "сени "Реалдын" футболкасында күтөм" деген билдирүү калтырып кеткен. Демек, жакынкы арада Мбаппени "Реалдын" курамында көрүп калышыбыз толук мүмкүн.
3. "Реал Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Карим Бензема бир нече өлкөгө саякаттаганга жетишти. Социалдык тармактагы жүктөгөн сүрөттөрүндө байкалгандай Лос-Анжелесте эс алып жүргөн мезгилинде Бензема алтын жалатылган эстеликтер тургузулган чоң хан сарайда жашаганын көрүүгө болот. Бул эс алуу аз болуп калган көрүнөт. Анткени Бензема Дубай жана Мальдив аралдарына да барып эс алып келүүгө үлгүргөн.
4. Ал эми активдүү эс алууну жакшы көргөн египеттик футболчу Мохаммед Салах балык уулап эс алууда. Салах жөн эле балык эмес, өтө чоң балыктарды гана кармай тургандыгы сүрөттө көрүнүп турат.
5. "Бавариянын" оюнчусу Роберт Левандовски дүйнө жүзүндөгү эң кымбат курорттордун биринде үй-бүлөсү менен эс алып жаткан чагы.
6. Германия курама командасынын мурдагы оюнчусу Месут Өзил сүйүктүүсү менен Түркиянын Стамбул шаарында баш кошту. "Арсенал" клубунун оюнчусунун үлпөт тоюна Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен катышты. Өлкөнүн биринчи адамынын үлпөт тойго келиши көптөгөн кызыгууларды жана талкууларды жаратпай койгон жок. Жаш түгөйлөр белектерден баш тартып, конокторду өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги балдарга операцияларды каржылаган кайрымдуулук фондго садага берүүнү суранышкан.
7. Ал эми Лука Модрич өзүнүн эс алуусун хорватиялык теннисчи Марин Чилич өткөргөн кайрымдуулук турнирине катышуу менен өткөрдү. Аталган турнирге 30дан ашык белгилүү хорватиялык спортчулар катышты. Футболчулардын арасында Марио Манджукич, Деян Ловрен, Матео Ковачич, Андрей Крамарич, Анте Ребич, Иван Перишич жана Иван Класнич да келген.
8. Ал эми Неймар болсо Америка Кубогунда Бразилия курама командасына жан үрөп, үй-бүлөсүнүн курчоосунда эс алып жаткандай.
9. Криштиану Роналду адатка айланып калгандай эле үй-бүлөсү менен эс алууда. Ал жакында эле өткөн Серхио Рамостун үлпөт тоюна да катышкан жок. Көпчүлүк басылмалар Криштиану Роналду "Ювентус" футболдук клубуна кеткен соң капитан экөөнүн достук мамилеси үзүлгөндүгүн, ошол себептен тойго катышпаганын жазып чыгышты.
10. Кыргыз футбол күйөрмандарына аттын кашкасындай таанымал кураманын оюнчусу Виталий Люкс да өзүнүн кесиптештеринен кем калбастан Балиде эс алып жаткан учуру.
Эс алып келген футболчулар алдыдагы оюндарга күжүрмөн даярдыктарды көрүп, футбол сүйүүчүлөрүнө мыкты оюндарды тартуулайт деген үмүттөбүз.