Бишкек шаарында эмен бактарынын жалбырактары жайдын биринчи айында эле куурап, саргая баштады. SUPER.KG порталы бул көрүнүш боюнча зыянкечтерден арылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканынан кабар алды.
"Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиевдин айтымында, эмен дарактары шаардын ылдыйкы бөлүгүндө Биринчи Май жана Свердлов райондорунун аймагында гана көп жабыр тартууда.
"Керектүү сугат суулар берилип жатат, көбүнчө эмен бактарынын жалбырагы саргаюуда. Ооруган дарактарга биз дары чачуу менен дарылаганбыз, бирок бул шаар тургундары үчүн кооптуу, аталган жайларда балдар, адамдар көп жүрөт. Шаардын ылдыйкы тарабында массалык түрдө тигилген эмен дарактары ооруп жатат", - деди Жаналиев.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын химия жана фитотехнология институтунун адистери эмен дарактарын ийне саюу менен дарылоо ыкмасын жүргүзүп көрүшкөн. Аталган мекеменин адиси Жакшылык Дуйшеналиев "эмен дарактары ооруп жатат" деген туура эмес, бул кадимки эле зыянкечтер" дейт
"Бул оору эмес, кадимки эле зыянкечтердин кесепетинен жалбырактар куурап жатат. Ийне саюу жолу менен жүздөгөн эмен дарактарына тажрыйба жүргүзүп көрдүк. Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте. Негизинен бул зыянкечтер Орто Азияда анын ичинде биздин өлкөдө болбошу керек болчу. Биздин божомолубузда булар Европа өлкөлөрүнөн көчөт аркылуу бизге алынып келген болушу мүмкүн", - дейт ал.