SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы видеокомпозициясы кошулду.
"Бул ырдын сөзүн, обонун жазууга 2-3 ай кетти. Ал эми тартуу иши 1 айга созулду. Клипке тартылууга атайын бийлей алган актриса кыздарды издегенбиз. Башкы каарманды жубайым Асел (ред.: Кадырбекова) Инстаграм аркылуу тапты. Позитивдүү чыгарма болгондуктан клип бий менен коштолду. Клипте мен дагы бийледим, бирок атайын ийримге барып, даярданган жокмун", - дейт ал.
12-ИЮНДАН 19-ИЮНГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орун - Гүлзат Мамытбектин "I can fly" чыгармасына буюрду.
8-орунда - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеоклиби жайгашты.
7-орунду - Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" чыгармасы камсыздады.
6-орунда - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клиби жайгашты.
5-орунду - Фарида Карбосованын "Ашыгам" чыгармасы ээледи.
4-орунду - Роза Шакированын "Сени менен" клиби ээледи.
3-орун - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" видеокомпозициясына буюрду.
2-орун - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.