Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.
Анда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, экономика министри Санжар Муканбетов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Самат Кылжыев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Орозбек Опумбаев ант беришти.
Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. "Урматтуу депутаттар, бүгүн сиздердин, президенттин, элдин алдында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Алардын өмүрүндөгү бүгүнкү маанилүү окуя менен куттуктайм. Ант - бул элдин, мыйзамдын, абийирдин алдындагы абдан чоң жоопкерчилик. Берген антыңарды эч качан унутпай, жүрөгүңөрдүн түбүндө сактап, күнүгө эстеп, антыңарга бекем тургула", - деди президент.