Валентина Шевченко: "Мендеги чемпиондук титулду башка бирөөнүн тартып алышына жол бербейм"

UFC`нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко чемпиондук наамын экинчи ирет ким менен коргогусу келгенин айтты.

Маалыматка ылайык, ал 2-беттешин америкалык Лиз Кармуш менен өткөрүүгө ниети бар. UFC 2 мушкердин беттешин 20-июлда UFC on ESPN 4 турниринин алкагында өткөрүүнү пландап жаткан. Аталган турнирдин негизги беттеши болуп Рафаэль Дос Аньос жана Леон Эдвардстын мушташы эсептелет.

Буга карабастан Шевченко беттешти жакынкы убакта өткөргүсү келип жаткандыгын билдирген. Шевченко жана Кармуш 2010-жылы кез келген. Анда 2-раундда дарыгер Шевченконун оор жаракат алганынан улам беттешти токтоткон. Ошентип Кармуш техникалык нокаут менен жеңишке жетишкен. Бул жеңилүү Шевченконун профессионалдык карьерасындагы алгачкысы болгон.

"Кармуш менен болгон беттеш мен үчүн чоң сыноо болот. Ал күчтүү мушкер. Биздин реванш мыкты болот деп ишенем. Менин жеке тарыхымдан ага болгон жеңилүүнү алып салганга болбойт, бирок бул беттеште жеңишке жетсе болот. Мендеги чемпиондук титулду башка бирөөнүн тартып алышына жол бербейм, чемпиондук жолумду улайм. Мен буга болгон күч-аракетимди жумшап, башкалардан көбүрөөк машыгып жатам", - деп билдирген Шевченко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ALMAAAN
2019-06-19 15:07:15
Ийгилик Валя
+3
bek-94
2019-06-19 15:07:16
Сары кыз ийгилик
+3
erjigit-e.15
2019-06-19 19:57:43
Валя женесин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан