Астрологдор эң жаман күн деп бүгүнкү күндү айтышты

Астрологдор "2019-жылдагы эң жаман күн" деп 19-июнду айтышты. Бул күнү дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешүүчү, кыйроого алып келүүчү окуялар орун алат. Меркурий жана Марс планеталары Плутон планетасына каршы келерин чет элдик басылмалар астрологдорго таянып жазып чыгышты.

Америкалык астролог Анабель Гат Меркурий планетасы сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратса, Марс согуштун планетасы болуп эсептелерин айткан. Ал эми Плутон энергиясы менен бул эки планетага каршы турууга аракет кылат. Демек, бул күнү бизди бийлик үчүн согушуу, талаштар, кызганычтын айынан урушуу күтөт.

Ошондой эле астролог бул күнү адамдар агрессивдүү болорун кошумчалаган. Анабель Гат "2019-жылдын 19-июнун "Так талашуу оюну" сериалынын 20 эселенген драмасы" деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shaa-82
2019-06-19 15:41:38
Астрологдор кудай болуп кетишиптирби ааа? Тообо кылдым бир гана Аллахка маалым качан жакшы жаман кун болоору. Аллах озу сактасын жаман кундордон! Астрологдор адашып калыптырда бир ааааз бизде биздин бийликте кундоле ошол корунуш, так талашуу, урушуу, коралбастык дегендер. Уйронуп деле калдыкго мындай корунушторго.
+14
Aza17
2019-06-19 16:00:37
.
-4
bek_tash
2019-06-19 16:15:43
Сонун эле күн болуп жатат ардайымкыдай. Буйруса менде баары жакшы, айлана тынч.
+24
talas0707
2019-06-19 17:33:03
Астрологтор жептир. Баары Аллахдан.
+15
plaza85
2019-06-19 20:10:42
Мен учун эн жакшы кун болду. Башка кундорда мен учун жакшы кундор. Кудайга шугур
+6
munduz2016
2019-06-19 21:22:53
Урушпай талашпай эле маселелерди чечтик го бугун
+7
AykaMer
2019-06-19 22:30:42
Көптөн бери шорпого токсикоз болуп иче албай жүрдүм эле,мына бүгүн кыялдар орун алды шорпо ичтим )))))
+8
girlzat
2019-06-19 23:54:48
Мага деле жакшы кун болду,бутпой калган иштерим бутту
+3
aijan.borkoshova
2019-06-20 02:58:26
Бүгүн жашоомдогу эң бир көңүлсүз күндөрдүн бири болду чынында...Жумушта айрыкча...Аябай оор болуп жүрдүм.Көп адамдардан көңүлүм калды
0
Kaary
2019-06-20 03:17:56
Тескерисинче аябай сонун күн болду! ХХХХХ
+2
pero5184
2019-06-20 08:06:08
Күндөрдүн баары жакшы эле күн болот...
+1
Pandora
2019-06-20 11:36:08
Кудайымдын коргозгон ар бир кунуно,чексиз шугурлор болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан