"Адем" тобунун бийчиси: "America's Got Talent" долбооруна атайын чакыруу алганбыз"

"America's Got Talent" долбооруна Кыргыз өлкөсүнөн "Адем" бий тобу катышууда. Долбоордун уюштуруучулары бийчилерди өздөрү чакырган. Бул тууралуу "Адем" тобунун бийчиси Нурсултан Абилов SUPER.KG`ге билдирди.

"America's Got Talent" долбооруна бизди чакырышкан. Негизи долбоордун тандоо туру болгон. Бирок уюштуруучулар бизге биринчи турга келгиле дешти. Ал эми номерибиз дагы чакыргандардын суранычы менен болду. Албетте, өзүбүзгө ишенимдүү болсок дагы, эл аралык масштабдагы сахнага чыкканда толкундандык. Бийибиз бүткөндө калыстар тобунун бардык мүчөсү ордунан туруп, көпкө чейин кол чаап турушту. Албетте, биз үчүн калыстардын ордунан турушу, узакка чейин кол чабуусу күтүүсүз болду.

Биринчи баскыч ушул жылдын март айында орун алган. Экинчи тур бир нече күн мурда болуп катышып келдик. Келишим боюнча экинчи турдун видеосу жарыяланганга чейин жыйынтыгын айтканга болбойт", - дейт ал.

“Адем” бий тобу америкалыктарды таң калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2019-06-19 13:30:52
АДЕМ Кыргыздын мыкты жигиттери силер менен жалпы Кыргыз эли сыймыктанат .Азамтсынар Аллах озу колдосун !!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан