Бүгүн, 19-июнда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы беттештер уланат. 5-турда "Дордой" клубу Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" клубуна конокко барат.
"Алтын Асыр"-"Дордой" беттеши Ашхабад шаарындагы "Көпетдаг" деп аталган стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Командалардын алгачкы беттеши Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 4 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 4 упай менен акыркы орунда жайгашкан.