Чымыр дене, моделдин карьерасы, келишкен бийкечтердин курчоосунда белгиленген 80 жаш. Мунун баары бир кезде кытайлык Ван Дэшундун кыялы эле. Ал коомдо калыптанып калган стереотиптерге, өзүнүн улгайып калган жашына карабай дүйнөлүк атактуулукка жетип отурган маалы.
Кытайда мырзалар 60 жашында пенсияга чыгышат. Бирок жазылган жана жазылбаган мыйзамдарга чакырык таштаган Ван Дэшундун окуясы көпчүлүктү шыктандырган.
80 жашка чыккан моделдин 2 уулу жана 1 небереси бар. Бирок күйөрмандары ага көптөгөн жакшы сөздөрдү айтышып, ал кары адам эмес экендигин баса белгилешет. Карыя күнүнө 800 метр аралыкта сууда сүзүп, убактысынын 3 саатын машыгуу залында өткөрөт. Анын айтымында, тамакты тандабай жей берет.
Ван Дэшунь 40 жашында англис тилин үйрөнүп баштаган. 49 жашында өзүнүн пантомима тайпасын ачса, 50 жашында алгачкы жолу машыгуу залына барган. Ал эми Дэшунь 57 жашка чыкканда көчө театрында ойной баштаган. Ал койгон шоулар аябай кызыктуу жана жандуу болгондуктан бийлик өкүлдөрү оюндарды коомдук жайларга коюуга тыюу салган. Буга карабастан ал жабык жайларда өз өнөрүн элге тартуулап келген.
Актёр жана сүрөтчү алгачкы ирет подиумга чыкканы көптөгөн кызыгууларды жана талкууларды жараткан. 79 жашында өзүн элге модель катары тааныткан карыянын басып өткөн жолу жана кыялына жетүү үчүн болгон аракеттери элди суктантпай койбойт.
"Адам өз жашоосун канча жолу кааласа, ошончо жолу өзгөртө алат. Кептин баары жөн гана каалоодо" дейт Дэшунь.
Жашоосуна өзгөчүлүк киргизүү үчүн карыя жакынкы арада парашют менен секиргенди үйрөнүү ниети бар экенин да кошумчалап кеткен.