Ырчы Илгиз Абдалиев жакында бойдокчулук менен коштошот. Ал болочок жубайы менен 8 айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтат. SUPER.KG порталы ырчынын тойго даярдыгы тууралуу сүйлөштү.
"27-июлда атам 50 жашка чыгат. Атамдын туулган күнүндө үйгө келин алып барсамбы деп ойлоп жатам. Азырынча кайсы күнү үйлөнөбүз так чече элекпиз. Кызды үйүнөн алып кетип, тойчук беребиз. Үлпөт той өткөрбөйбүз. Айылга чоң там салганбыз. Эки тойду чогуу эле өткөрсөкпү деп кеңешип жатабыз.
Ал эми сүйлөшкөн кызым тууралуу айтсам, жашы 19да. Нарында төрөлгөн, бирок Бишкек шаарында чоңойгон. Сулуулук салонунда иштейт. Экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Социалдык тармактардын биринен таанышып, сүйлөшүп жүргөнбүз. Ортодо 2 жыл сүйлөшпөй калганбыз. Бирок менин социалдык тармактагы баракчама кирип, менин кайда жүргөнүмө, эмне кылып жатканыма көз салып жүрүптүр. Мен дагы баракчамдан байкап калып акыбалын сурап жаздым. Менин кабар алганыма кубанып, экөөбүз кайра табышып калдык", - дейт ал.
Илгиз Абдалиев "Сүйкүм сүйүүм, ай", "Апакем", "Кыргызда болсун дагы той", "Гүлдөй, гүлдөй", "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим", "Саманчынын жолу" жана башка ырлардын аткаруучусу.