Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчёту угулууда.
Депутат Айнуру Алтыбаева коомдук каналда үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган көрсөтүүлөр берилбей жатканына нааразычылыгын билдирди.
"КТРКда үй-бүлөлүк баалуулуктарды чагылдырган бир да телеберүү жок. Мисалы, ошол эле Орусиянын биринчи каналында "Үйдө тамактаналы", "Баары үйдө", "Чогуу саякаттайбыз" деген сыяктуу үй-бүлөлүк программалар көп", - деди депутат.
Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев: "Жаш балдар үчүн телеберүүлөр балдардын атайын каналында көрсөтүлүп келет. Сиздин сын-пикириңиз туура. Аны өзгөртө албай жатабыз. Буга чейин да көп жолу айткам. Өлкөнүн ичиндеги саясат менен эле алек боло бербей, эл аралык саясатка арналган программаларды киргизүүнү айткам", - деди.
Буга депутат: "Мен аны айткан жокмун, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чагылдырган программаларды сурадым", - деди.
"Андай долбоорлор бар, аларды ылайыкташтырып чыгарууга даярбыз" деп кошумчалады КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу.