Кара-Балтада эне-баланын жансыз денелери табылды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында эне-баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-июнда саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жолдошу менен кайненесин бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 жаштар чамасындагы эки адамдын жансыз денесин табышкан.

"Бул факты 130-берене "адам өлтүрүү" менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталып, 53 жаштагы М.С. жана 31 жаштагы М.А. экени белгилүү болгон. Учурда ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерде иш алып барышып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Шектүүлөрдү издөө иштери башталды", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
DNurgiza
2019-06-20 00:45:04
Кантип эле эне баланы өлтүрүп, келинди өлтүрбөй коймок эле, бет кап болсо деле дене мүчөсүнөн таанып коет деп коркмок да.... бул жерде башка маселе го, жакшылап иликтеш керек.....
+9
farida.kg.1991
2019-06-25 00:11:34
Эне балада не куноо кылганбы неге олтурушот неге бала олушун билип турка кызды качырып жиберген эне бала куноо иш кылганбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан