Британияда сүйүктүүсү менен баш кошкон киши бир нече сааттан кийин каза болду

Британияда сүйүктүүсүнө баш кошкон киши бир нече сааттан кийин көз жумду. Түгөйлөрдүн үйлөнүү тою ооруканада болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

51 жаштагы Ник Гловер сүйүктүүсү менен жай мезгилинде баш кошууну пландаган. Бирок жазында ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Дарыгерлер бейтап уйку безинин рагына кабылганын, илдет тез өөрчүп жатканын айтышкан.

Ник Гловер апрель айында ооруканага жаткан. Дарыгерлер ага аз күндүк өмүрү калганын, сүйүктүүсү менен баш кошуп алуусун айтышкан. Бейтап макул болуп, түгөйлөрдүн тою ооруканада орун алган. Тойго алардын досу, бир тууганы жана бейтапкананын кызматкерлери катышкан. Сүйүшкөндөр расмий түрдө жубайлар деп жарыялангандан кийин Ник Гловер каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
raikakyz
2019-06-20 09:12:06
Уйку безинин рагын биринчи угушум.Кудай сактасын.
-2
Nur777
2019-06-20 10:02:02
raikakyz,рак поджелудочной железы дейт,бул абдан коп кездешкен оору,Кыргызстанда да ооругандардын саны ото коп.
+1
Nur777
2019-06-20 10:02:32
Абдан окунучтуу((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан