15-июнда Бразилияда Түштүк Америка футбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган Америка Кубогунун тайпалык баскычы старт алды.
Мелдешке Түштүк Америка континентиндеги 10 өлкө жана конок катары чакырылган Азия футболдук конфедерациясынын курамындагы Япония жана Катар өлкөлөрү, жалпы 12 команда катышууда.
Машыктыруучу Лионель Скалонинин курама командасына алгачкы оюндарда ийгилик жылмайган жок. Аргентиналыктар алгач Колумбиядан 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартышса, Парагвай менен 1:1 эсебинде тең чыкты.
2 турдун жыйынтыгында аргентиналыктар өзүнүн 1 упайы менен тайпасында акыркы орунга жазылышты. 23-июнда боло турчу жыйынтыктоочу турда Аргентина Катар өлкөсү менен беттешет. Ошол эле маалда Колумбия-Парагвай оюну орун алат.
Чейрек финалга өзүнүн тайпасында 1-2-орунду алган командалар, ошондой эле 3-орунду алган 2 мыкты команда өтөт.