Улуттук курамдын футболчусу Турсунали Рустамов АФК Кубогунда алгачкы голун киргизди

Футбол боюнча улуттук курамдын жарым коргоочусу Турсунали Рустамов АФК Кубогунда алгачкы голун киргизди. Тажикстандын "Худжанд" командасында ойноп келген кыргыз футболчусу өз клубуна 3 упай алып келгенге салымын кошту.

АФКнын расмий сайты маалымдагандай, "Худжанд" өз үйүндө "Истиклолду" кабыл алып, 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен. Рустамов оюндун 40-мүнөтүндө өз командасынын экинчи голун киргизди. "Худжанд" бул жеңиши менен 7 упай топтоп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырай элек.

Ушул эле тайпанын экинчи оюнунда бишкектик "Дордой" Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубуна жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан